СОШ №50 Средняя общеобразовательная школа №50

Школьная форма

  Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү  Школьная форматалаптарды киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик билим берүү саясатын түзүү жана ишке ашыруу, ушул чөйрөдөгү артыкчылыктарды аныктоо, ошондой эле окуучулардын арасында социалдык, мүлктүк жана башка айырмачылыктарды жоюу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Билим берүү” жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 35-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Школьная форма

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

– 2015-жылдын 1-сентябрынан баштал Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн бекитилген мектеп формасына бирдиктүү талаптарга ылайык мектеп формасын киргизүүгө киришсин;

– Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын уставдарына окуучулардын мектеп формасын киргизүү боюнча тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

  1. Мектеп формасы ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражатынын эсебинен сатып алынаары белгиленсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын мектеп формасы менен камсыздоого көмөк көрсөтүшсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына
БИРДИКТҮҮ ТАЛАПТАР

  1. Окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону кийимдин классикалык стилинде болууга тийиш. Окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек.
  2. Окуучулардын кийими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы № 704 токтомуменен бекитилген “Балдар кийимдеринин жана бут кийимдеринин коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттебелгиленген талаптар менен ченемдерге ылайык болууга тийиш.
  3. 1-11-класстардын окуучулары үчүн мектеп формасы:

3.1. Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак.

Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Пиджак бир борттуу же эки борттуу, жарым-жартылай кыналган же түз силуэтте болушу мүмкүн.

Жилет классикалык түрдө бычылып, шымдын же пиджактын өңүндө же чакмак түрдө болот.

Пиджактын жана жилеттин топчулары костюмдун/жилеттин өңүндө болуп, жөнөкөйлүгү менен айырмаланууга тийиш.

Шым түз бычылат, бирок багалек жагы бир аз ичкеришине жол берилет.

Көйнөк кебез кездемеден, жеңи узун же кыска болот. Жол берилүүчү түстөр: ак, агыш боз, ачык-көгүш, ачык-саргыч.

Мектеп формасынын комплектисине мектеп формасынын негизги өңүнө ылайык же анын өңүнө контрасттуу түстөгү классикалык формадагы галстук киргизилиши мүмкүн.

Эркек балдар үчүн мектеп формасынын комплектиси бирдей түстүк гаммада болууга тийиш. 3төн ашпаган түстөрдүн айкалышуусуна жол берилет.

3.2. Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак.

Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кара-кызыл) тигилет.

Пиджак бир борттуу же эки борттуу, жарым-жартылай кыналган же түз болушу мүмкүн.

Жилет классикалык стилде бычылып, негизги түскө ылайык же чакмак өңдө болот.

Пиджактын жана жилеттин топчулары сөзсүз түрдө костюмдун/юбканын өңүндө болуп, жөнөкөйлүгү менен айырмаланууга тийиш.

Шым түз бычылат, бирок багалек жагы бир аз ичкеришине жол берилет. Юбка түз, кенен же этеги кууш формада, ошондой эле бүктөлмө же плиссе болушу мүмкүн. Юбканын (көйнөктүн) минимум узундугу – тизеден ылдый 5 см, максимум узундугу – балтырдын ортосуна чейин.

Көйнөк кебез кездемеден тигилип, жеңи узун же кыска болот. Жол берилүүчү түстөр: ак, агыш-боз, ачык-көгүш, ачык-саргыч.

Мектеп формасынын комплектисине мектеп формасынын негизги өңүнө ылайык же анын өңүнө контрасттуу түстөгү классикалык формадагы галстук киргизилиши мүмкүн.

Кыздар үчүн мектеп формасынын комплектиси бирдей түстүк гаммада болууга тийиш. 3төн ашпаган түстөрдүн айкалышуусуна жол берилет.

  1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөздө болот. Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.
  2. Окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.
  3. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Это тестовая и редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета