Мектеп №50 Орто жалпы билим беруучу мектеп №50

Окуучуларга

2019-жылы ЖОЖго тапшырууда кыргыз тили артыкчылыкка ээ болот
Жаңылыктар | 17:42, 22 январь 2019 | 1 905

Билим АКИpress – Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси тууралуу маалымдайт. Анда мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификатка ээ болгон абитуриенттерге артыкчылыктуу укуктар берилери каралган.

КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №279 токтомуна ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдө бирдей упай топтогон студенттерди ЖОЖдордун гранттык орундарына кабыл алууда кошумча «Кыргызтест» системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекттик сертификатына ээ болгон абитуриентке артыкчылык берилет.

Билим берүү жана илим министрилигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы тестирлөө абитуриенттин каалоосу менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Сертификатты алуу үчүн кыргыз тилдүү мектептерде окуган окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли B1 көрсөткүчүнөн төмөн болбошу керек, башка тилдерде (орус, өзбек, тажик) окутуу жүргүзүлгөн мектептердеги окуучулардын тил билүү деңгээли А2 көрсөткүчүнөн төмөн болбошу зарыл.
Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:358093/?f=cp