Мектеп №50 Орто жалпы билим беруучу мектеп №50

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Картинки по запросу запись в школу

Мектепке кабыл алуу

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!

2019-жылдын 15-февралынан 15-майга чейин ОТК №50 ортро мектебине бекитилген аймактарда жашаган балдарды 1-класска кабыл алуу башталат.

Положение об электронной записи в школу/Мектепке электрондук жазылуу жѳнүндѳ жобо

«Мектепке электрондук жазылуу» проектиси – бул мектеп жашына жеткен (6-7жаш) балдардын Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарына биринчи класска жазылуу процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу маалыматтык система.

«Мектепке электрондук жазылуу» системасын ишке ашыруу 6-7- жаштагы мектеп жашына жеткен  баласын биринчи класска киргизүү үчүн mektep.edu.gov.kg  Бирдиктүү электрондук реестринде каттоого КР ар бир жаранына мүмкүнчүлүк берет.

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштетилүүчү жеке маалыматтар

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын, арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн, КРнын жаранын жана чет жердик жарандын жеке маалыматтары иштетилет:

  1. Аты-жөнү (баланын жана арыз берүүчүнүн);
  2. Баланын жынысы;
  3. Баланын туулган күнү, айы, жылы (мындан ары – датасы);
  4. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
  5. Жашаган жеринен алынган маалымадамага туура келген жашаган жеринин адреси;
  6. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук адреси.

.

Мектеп  жашына чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин мектептин кичи аймагында  жашагандыгы документтик  түрдө аныкталат.

1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  2. баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
  3. ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  4. мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
  5. Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
  6. Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
  7. 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
  8. Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).

Кошумча маалыматты тѳмѳнкү сайттан  толук ала алсыздар
https://bilim.akipress.org/ru/news:1489696/?f=cp